Казакстанда метапневмовирус менен 30 бейтап катталды
Казакстанда 2024-жылдын 1-октябрынан бери курч респиратордук вирустук инфекция болгон метапневмовирустун 30 учуру аныкталды. Бул тууралуу 5-январда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
"Метапневмовирус - көптөгөн өлкөлөрдө ондогон жылдардан бери таралып келе жаткан классикалык вирустардын бири", - деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.
Саламаттыкты сактоо министрлиги метапневмовирус аба аркылуу жана сейрек учурларда байланыш аркылуу жугарын билдирди.