SerepTV Logo

Казакстанда кулаган учактан аман калгандардын саны 25ке жетти

Казакстанда кулаган учактан аман калгандардын саны 25ке жетти
Актауда кулаган учак кырсыгынан аман калгандардын саны 25ке жетти. Бул тууралуу казакстандык TengriNews басылмасы жазды. Аман калгандардын арасында 3 бала бар. Жаракат алып, аман калгандарды Мангистау облустук ооруканасына жеткирилгенин жазып жатышат. Бүгүн, 25-декабарда Казакстандын Актау шаарында Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулаган. Azerbaijan Airlines авиа компаниясынын Embraer 190 учагында 72 адам болгон. Анын ичинде 5и борт кызматкери, калган 67си жүргүнчүлөр.