Казакстанда каршы тилкеге чыккан автобус 10 унааны сүздү (видео)
Тараз шаарында жол кырсыгы катталды. Автобус каршы тилкеге чыгып, он жеңил унааны сүзгөн. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Кырсык 4-январь күнү саат 10:45те болгон. Жол кырсык болгон учурда автобуста 10 жүргүнчү болгон. Алардын бири 56 жаштагы аял алган жаракаттары менен ооруканага жаткырылган. Автобустун айдоочусуна карата сотко чейинки тергөө иштери башталды.