Казакстанда "Камызяки" командасынын концерти толугу менен токтотулду
Казнетте чыккан жаңжалдан улам Казакстанда Азамат Мусагалиев менен “Камызяки” концерти токтотулду. Бул тууралуу уюштуруучу, иш-чара агенттигинин өкүлү Ольга Ли билдирди.
«Камызяки" командасынын артисттеринин сенсациялуу коомдук иш-аракеттери боюнча коомчулуктун резонанстуу терс пикирлерин эске алуу менен, уюштуруучулар командасы концерттердин гастролун толугу менен токтотууну чечишти», - деди Ольга Ли.
Буга чейин Казакстанда социалдык тармактын колдонуучулары орусиялык популярдуу куудул Азамат Мусагалиевдин концерттерин токтотууга чакырышкан. Артист 8-сентябрда Донецкке орус армиясын колдоо максатында концерт менен баргандан кийин резонанс күчөгөн.