Казакстанда кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсүнүн кармалышы. Оозду ачырган жагдайлар
Финансылык мониторинг жүргүзүү агенттиги Перизат Кайраттын мыйзамсыз иш-аракеттеринин дагы бир эпизоду аныкталганын билдирди.
Маалыматка караганда, Перизат Кайрат Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн чогултулган каражатты да уурдаган деп шектелүүдө. "Анын мыйзамсыз аракеттеринин дагы бир эпизоду ачыкка чыкты. 2023-жылдын ноябрь айында Перизат Кайрат Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн акча чогултуу акциясын уюштурган. 2023-жылдын декабрь айында бул акчага Перизат элиталык Sensata Plaza комплексинен 49 миллион теңгеге үч бөлмөлүү батир жана 30 миллион теңгеге жаңы Mercedes-Benz EQE 500 4 Matic үлгүсүндөгү унаа сатып алган», — деп айтылат "Тенгринин" маалыматында.
Ошондой эле каражаттын бир бөлүгү БАЭде Rolex, Prada жана Fendi бренд бутиктеринен зер буюмдарды, сааттарды жана кийимдерди сатып алууга жумшалганы кабарланды. «Бул эпизод боюнча Перизат К. 200 миллион теңгеден ашык акчаны уурдаган деп шектелүүдө», - деп кошумчалады агенттик. Ал арада анын сотто бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды.
2022-жылдын ноябрында социалдык тармактарда Астананын тургуну Асел Омарова колундагы баласы менен такси айдап баратканы тартылган видео тараган. Видео коомчулукта резонанс жаратып, жыйынтыгында аялга айып пул салынып, батирге күбөлүк берилген. Бирок аял убада кылынган үйдү алган эмес, деп билдирет Tengrinews.kz кабарчысы. Видео жарыяланган соң кайрымдуу адамдар 2 миллион теңгеден ашык акча чогултушкан. Перизат Кайраттын кайрымдуулук фондунун жетекчиси катары Асел менен байланышкан. Ал үйүнө барып, келинге сертификат тапшырып, батир берүүнү убада кылган. Бирок, арадан эки жыл өтсө дагы келин үй ала элек.
Tengrinews.kz кабарчысы Асел Омарова менен байланышты. Маалым болгондой, ал балдары менен борбор калаанын түштүк-чыгышындагы жатаканада жашоону улантып жатат. Келиндиг айтымында, Перизат Кайрат ага телефон чалып, бир аз күтүп турууну суранган.
Мындан улам коомчулукта башка кайрымдуулук фондору кандай иштеп жатат деген суроо пайда болуп, баарын текшерүүнү суранып жатышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram