Казакстанда Жеңиш күнү аскердик парад болбойт
Казакстанда Жеңиш күнү аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигине таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
"2022-жылы Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 30 жыл толгонуна жана 1941-1945-жылдардагы Ата мекендик согуштун Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадды өткөрүү пландалган жок", - деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аскердик парад өткөн эмес.