SerepTV Logo

Казакстанда жабылган жолдордо беш миңден ашуун унаа топтолду

Казакстанда жабылган жолдордо беш миңден ашуун унаа топтолду
Казакстандын жолдорундагы абал бороон-чапкын жана кар көчкү түшүү ыктымалдыгынан улам курч бойдон калып жатат. «КазАвтоЖол» өлкөнүн 8 облусундагы 36 республикалык жана облустук трассанын тилкеси толугу менен жабык экенин билдирди. Жабылган жолдордо беш миңден ашуун унаа топтолуп, адамдар тамак-аш менен камсыздалган. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарды Казакстан аркылуу Орусияга жана Казакстандын аймагына убактылуу унаа менен баруудан карманып турууга чакырган.
info