SerepTV Logo

Казакстанда Хабиб Нурмагомедов катышкан турнирдин уюштуруучусу кармалды (видео)

Казакстанда Хабиб Нурмагомедов катышкан турнирдин уюштуруучусу кармалды (видео)

Актауда мушкер Хабиб Нурмагомедовдун катышуусундагы турнирде полицияны түрткөн уюштуруучу 10 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Мангистау облусунун полициясы билдирди. 

Маалыматка караганда, 16-июлда Актауда «Naiza 41 х Eagle 48» эл аралык турнири өтүп, ага Хабиб Нурмагомедов катышкан. Расмий маалымат боюнча иш-чарага 15 миңден ашуун көрүүчү чогулган. 

Белгисиз адамдын Хабибге жакындоо үчүн полиция кызматкерин түртүп ийген видео тараган. Кийин анын турнирдин уюштуруучуларынын бири экени маалым болгон. «Видеодогу адамдын аты-жөнү такталып, ал Актау РИИБге жеткирилген. Ага карата Казакстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгү (майда бейбаштык) боюнча административдик протокол түзүлгөн. Материал административдик сотко жөнөтүлдү», - деп айтылат милициянын маалыматында.

edita