Казакстанда документи жок 7 жашар баланын видеосу тараган. Анын тагдыры кандай өзгөрдү?
Белгилүү болгондой, баланын бир тууганы бар, анын да документтери жок экени маалым болгон. Бир туугандар дагы эле атайын баш калкалоочу жайда турушат.
«Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү калыбына келтирилди, 7 жаштагы бала мектепке 1-класска, ал эми иниси даярдоо мектебине барып жатат. Учурда эки баланын тең коопсуздугу жана абалы жакшы. Өткөн аптада комитеттин кызматкерлери балдарга жеке барып, алардын абалын такташкан. Үй-бүлөгө да керектүү жардамдар көрсөтүлөт», - деп билдирди Билим берүү министрлигинин Балдардын укуктарын коргоо комитети.
Буга чейин балдардын ата-энеси тирүү экени айтылган. Комитет алар тууралуу купуя маалыматты ачыкка чыгара албастыгын, бирок үй-бүлөнүн кайрадан биригиши үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди көрүшөрүн белгиледи.