Казакстанда да бензин кымбаттады
Казакстанда да бензинге болгон баа кескин кымбаттады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Нур-Султанда марттын башында 150-151 теңгеден (30 сомдон) сатылып жаткан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри учурда 156-160 теңгеге (32сомго) чейин кымбаттаган.
Ал эми Казакстандын кээ бир айдоочулары айрым май куюучу жайларда бензин бул баалардан да кыйла кымбат сатылып жатканын айтышкан.
Ошондой эле жергиликтүү басылмалардын айтымында, өлкөдө марттын башында эле күйүүчү май бир нече теңгеге кымбаттаган. Эми кайра мынтип күн сайын баа кайра көтөрүлүп жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстаанда да АИ-92 бензини бир топ убакыт бою 33,5 сомдон ашкан эмес. Бааны 2020-жылдын февраль айында Орусиянын нефть иштетүүчү заводдору түшүргөн. 2021-жылдын декабрь айынан баштап баалар кичинеден өсүп отуруп, 35,6 сомго жеткен. Январь айынын аягында айдоочулар 1 литр май үчүн 36,9 сомдон төлөй баштаган. Учурда ал орто эсеп менен 45,5 сом турат. Бирок бул баа жакын арада 50 сомго жетиши мүмкүн экенин адистер айтып чыгышкан болчу.