Казакстанда бут кийим сатып түгөтүү учурунда тыгын жаралып, сатык үзгүлтүккө учурады (видео)
Кызыл-Ордада бут кийим сатып түгөтүү тыгылыш, бутиктин эшиктери жана витринасы сынган окуя менен аякталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Бир күн мурун Инстаграмда соода бутиктин ээлери эртең мененки саат 10дон баштап каалаган бут кийимин 1000 теңгеге ала аларын жарыялашкан. Болгону аларга катталуу керек болчу.
Акциянын уюштуруучулары кийинчерээк элдин мындай агымын күтпөгөнүн жазышкан. «Биз чын жүрөктөн ар бир адам 1000 теңгеге бут кийим сатып алгыдай жакшы нерсе жасагыбыз келген. Бирок акцияны токтотууга аргасыз болдук, анткени эшик, витрина сынып, көптөгөн адамдар өзүн жаман сезе башташты. Ошондон улам соода борборунун жетекчилиги саат 10:30да дүкөндү жабуу чечимин чыгарды», - деп айтылат видео кайрылууда.
https://youtu.be/5Cbnp5hR7GA