SerepTV Logo

Казакстанда буга чейин мал кургакчылыктан өлүп жаткан болсо, эми өрттөн кырылып жатат (сүрөт)

Казакстанда буга чейин мал кургакчылыктан өлүп жаткан болсо, эми өрттөн кырылып жатат (сүрөт)

"Казакстандын Караганда облусунда көптөгөн жергиликтүү тургундардын киреше булагы болгон жүздөгөн баш мал талаа өрттөрүнөн кырылды", - деп жазды Tengrinews.kz басылмасы. Окуя болгон жерден тартылган видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланды. Улытау районунун Байконур айылында эле 300 мал өлгөнү белгилүү болду. 

Караганда облусунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү абал боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин маалыматына ылайык, 4-июлда Караганда облусунун аймагында 12 табигый өрт очогу көзөмөлгө алынган. Улытау районунун эки айылдык округунун аймагын көзөмөлдөө учурунда жергиликтүү тургундар Коскол айылынан түндүк-батыш тарапта 40 чакырым алыстыкта ​​күйүп кеткен УАЗ автомашинасын табышкан, анын жанында 23 жаштагы эркек кишинин күйгөн денеси табылган. Каза болгон адам ыктыярдуу өрт өчүрүүчү топтордун катарында болгон эмес жана талаа өртүн өчүрүүгө катышкан эмес. Ал эми Жангелдин айыл аймагынын "Абдибеков" дыйкан чарбасынын аймагында өрттөлгөн 200 баш майда жандык жана 10 баш бодо мал табылган. 

Буга чейин кургакчылыкка байланыштуу мал картон менен азыктанып жатканда тартылган видео Интернетке тараган элеВетеринария дирекциясынын маалыматы боюнча, май айынын аягында эле Мангистау облусунда 1100 жылкы кургакчылыктан өлгөн.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="61791,61792,61793"]
edita