Казакстанда болуп көрбөгөндөй кургакчылык күтүлөт
Нымдуулуктун статистикалык божомолуна ылайык, июнь айында Казакстандын ири аймагында нымдын жетишсиздиги күтүлөт. Бул тууралуу Казгидромет билдирди.
Маалыматка карганда, кургакчылык Акмола (Жаксы району), Актөбө (Айтекеби, Хромтау райондору), Чыгыш Казакстан (Бескарагай району) жана Мангистау облустарында (Каракия району) күтүлөт. Ошондой эле Чыгыш-Казакстан облусунун Абай районунда жана Костанай облусунун Амангелди аймагында катуу кургакчылык болору болжолдонууда.
Буга чейин кургакчылыкка байланыштуу мал картон менен азыктанып жатканда тартылган видео Интернетке тараган эле. Ветеринария дирекциясынын маалыматы боюнча, май айынын аягында эле Мангистау облусунда 1100 жылкы кургакчылыктан өлгөн. Көптөн бери аймактарда жаан-чачын жок. Жайыттар өрттөнүп жатат. Тоют жок.