Казакстанда аскер кызматкери өзүн-өзү атып каза болду
Казакстандын Орол шаарында башына ок тийген аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазып чыкты.
Маркум жоокер кызмат өтөп жаткан №5517 аскердик бөлүктүн командиринин орун басары Жанибек Сарсенов окуя 16-июнь күнү эртең менен болгонун билдирди. Анын айтымында, аскер кызматкери түзөтүү абагындагы нөөмөттө турганда өзүн-өзү башка атып жиберген. "Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат, кеңири маалымат кийинчерээк берилет", — деген Сарсенов.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, маркум жоокер армияга Актөбө шаарынан чакырылган.