Казакстанда 39 жаштагы келин 11-ирет апа болду (видео)
Актөбөдө 39 жаштагы аял 11-ирет эне болду. Эми көп балалуу үй-бүлөдө жети уул жана төрт кыз болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Баатыр эне Мнаура Муктарова жана анын ымыркайы Хантөре төрөт үйүнөн чыгарылды. Ымыркай жаңы батирде ата-энеси, бир туугандары менен жашайт. Бул үй-бүлө көп балалуу үй-бүлө катары өткөн жылдын аягында мамлекеттен батир алган.
«Мен бактылуу энемин. Кызым бий ийримине барат. 2024-жылдын декабрь айында мамлекеттин 4 бөлмөлүү батир алганбыз. Акыркы 10 жылда көп балалуу үй-бүлө катары кезекте турдук", - деди ал.
Мнаура Муктарова кесиби боюнча казак тили жана адабиятынан мугалим, убактысын балдарды тарбиялоого бөлүп, кесиби боюнча иштеген эмес.
https://youtu.be/JoLZut7pzvc