SerepTV Logo

Казакстанда 3 баласы чарчап калган келин төрөткананын терезесинен секирди

Казакстанда 3 баласы чарчап калган келин төрөткананын терезесинен секирди
Каскелең шаарындагы төрөт үйүнүн 3-кабатынан аял секиргенин блогер Сауле Бикитеева билдирди. Маалыматка караганда, келин төрөтканага мындан 4 күн мурда түшкөн. "Келиндин буга чейин үч жолу боюнда болгон. Биринчи баласы курсагында чарчап калган. Экинчи баласын ЭКОнун жардамы менен боюна бүтүргөн. Бирок 26-жумасында андан ажырап калган. Бул жолкусунда да баласын сактап калуу мүмкүн болгон эмес", - деди оорукананын кызматкерлери. Медицина кызматкерлеринин айтымында, аял реанимацияда жаткан. "Жанында медайым бар экен, ага дары берип жаткан. Ал медайымды түртүп жиберип, терезеден секирип кеткен. Учурда абалы туруктуу, колдору сынган", — дешти төрөт үйүнүн дарыгерлери. «Бир эле учурда үч баладан ажырап калуу оңой эмес, балким, аял төрөттөн кийинки стресске кабылгандыр», - деп түшүндүрүштү дарыгерлер.
edita