SerepTV Logo

Казакстан өлкөдөн кумшекерди экспорттоого тыюу салды

Казакстан өлкөдөн кумшекерди экспорттоого тыюу салды
Казакстан өлкөдөн ак жана камыш кантты экспорттоого алты айга тыюу салды. Тиешелүү буйрук өлкөнүн Айыл чарба министрлиги тарабынан кабыл алынды. Документ 12-майда жарыяланып, 22-майда күчүнө кирет. Буга чейин Айыл чарба министрлигинин башчысы Ербол Карашукеев Казакстан өзүн кумшекер менен 7 пайызга гана камсыздай турганын билдирген. Бирок аны өндүрүүнү жети эсеге – 254 миң тоннага чейин көбөйтүү пландаштырылууда, бул продуктунун импортун 32 пайызга кыскартат. «Апрель айында Казакстан кант импорту үчүн квотаны нөлдүк чен менен жогорулатканы кабарланган», — деп жазат Kapital.kz.
edita