Казакстан Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүшү мүмкүн
Казакстан Мажилисинде «Казакстандын өкмөтү менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралат. Өткөрүп бериле турган жардамдын катарында ок-дарылар бар. Казакстандын мамлекеттик "Open НПА" сайтында маалымдалгандай, мыйзам долбоору 3-июнда түзүлгөн, аны 17-июнга чейин кароо керек. Иштеп чыгуучу - Казакстандын Коргоо министрлиги.