Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизди
Казакстандын айыл чарба министрлиги өлкөдө буудай жана унду экспорттоого квота киргизди. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Эми 15-июнга чейин буудайды жана унду Казакстандан экспорттоо катуу бекитилген квотанын чегинде гана жүргүзүлөт:
- буудай жана меслин үчүн - 1 миллион тонна;
- буудай уну-кара буудай уну үчүн - 300 миң тонна.
Мында экспортко жарыяланган көлөмдүн 10 пайызын белгиленген баада саткан тараптарга буудайды экспорттоо квотасын бөлүштүрүүгө уруксат берилет. Экспорттук чектөөлөр киргизилгенге чейин бажы мыйзамдарына ылайык экспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган жана чыгарылган товарлар тоскоолдуксуз ташып чыгарыла берет.