SerepTV Logo

Казакстандагы митингдер. Токаев айрым аймактарда интернетти күйгүзүүнү чечти

Казакстандагы митингдер. Токаев айрым аймактарда интернетти күйгүзүүнү чечти
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөдөгү абалдын бир аз турукташып бара жаткандыгына байланыштуу интернетти жандырууга уруксат берди. Бул тууралуу ал өзүнүн видео кайрылуусунда айтты. “Өлкөдөгү абалдын турукташып бара жатканына байланыштуу айрым аймактардагы интернет-байланышты күйгүзүү тууралуу чечим кабыл алдым. Бул чечим жарандарыбыздын жашоо-тиричилигине оң таасирин тийгизет деп ойлойм”, - деди ал. Ошондой эле, интернеттин жеткиликтүү болгону “кандайдыр бир чакырык, жалган жалаа, кемсинтүүлөрдү жарыялоо” дегенди билдирбей турганын кошумчалады. “Эгер ушул сыяктуу материалдар пайда болсо, биз алардын авторлорун жазага тартабыз”, - деди Токаев.
Unknown Author