SerepTV Logo

Карл III расмий түрдө Улуу Британиянын падышасы деп жарыяланды

Карл III расмий түрдө Улуу Британиянын падышасы деп жарыяланды
Лондондо британдык жаңы монархтын тактыга расмий киришүү аземи башталды. Карл III падыша болуп жарыяланганын Интерфакс агенттиги жазды.  Иш-чара Сент-Жеймс сарайында өтүп жатат. Ага жогорку даражалуу саясатчылар жана башка расмий адамдар катышууда.  Карл III 8-сентябрда ханыша Елизавета II каза болгондон кийин падыша болду. Ал эми акыркы сапарга узатуу качан болору азырынча тактала элек.
edita