SerepTV Logo

Караокенин жаратуучусу 100 жашында көз жумганы маалым болду

Караокенин жаратуучусу 100 жашында көз жумганы маалым болду

Японияда караокенин жаратуучусу Сигэити Нэгиси каза болду. Ал 100 жашта болчу. Бул тууралуу 2018-жылы ойлоп табуучудан интервью алган журналисттин маалыматына таянып Sky News маалымдады. 

Нэгиси 26-январда кулап кетип, каза болгон. Анын артында үч баласы, беш небереси жана сегиз чөбөрөсү калды.

1967-жылы Нэгиси Sparko Box деп аталган биринчи караоке-машинасын чыгарган. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө анын бир гана көчүрмөсү сакталып калган. Жалпы 8 миң даана чыгарылган.

Ал Sparko Box'ту Япониянын ар кайсы жерлерине орноткон, бирок көп өтпөй музыканттар менен болгон чыр-чатактардан жана автоматтарды тейлөөдөн тажаган. Ал 1975-жылы өзүнүн ойлоп табуусун патенттебей туруп, караоке бизнесинен кеткен.

edita