SerepTV Logo

Казакстандагы чоң жолдо 19 унаа сүзүштү (видео)

Казакстандагы чоң жолдо 19 унаа сүзүштү (видео)
Казакстанда бүгүн, 23-январда саат 12:30да Караганда-Балхаш унаа жолунда 19 жеңил унаанын катышуусунда массалык жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды. "Жеринде ӨКМ жана тез жардам кызматкерлери иштеп жатат. Кырсыктын алдын ала себеби - ылдамдык режимин бузгандык жана коопсуз аралыкты сактабагандык", - деп маалымдашкан "Казак авто жолдон". 3-январда Астана-Щучинск трассасында массалык жол кырсыгы катталып, 95 унаа жана 20 адам жабыркаган. Жабыр тарткандарга мээнин чайпалышы, сынык жана контузия диагноздору коюлган.