SerepTV Logo

"Кальмар оюну" сериалындагы 80 жаштагы актёр бир жылга эркинен ажыратылды

"Кальмар оюну" сериалындагы 80 жаштагы актёр бир жылга эркинен ажыратылды

"Кальмар оюну" сериалындагы 001 санындагы оюнчу 80 жаштагы түштүк кореялык актёр О Ён Су сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыпталып, бир жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу The Daily Star жазды. 

Адегенде сот өкүмдү сегиз айга шарттуу деп чыгарып, кийинчерээк жазаны катаалдаткан.

Сот актёрду 2017-жылы кесиптешине карата эки ирет ыдык көрсөтүү фактысы боюнча күнөөлүү деп тапты. Айыптоочу тараптын айтымында, актёр актрисаны үйүнүн жанында анын эркине каршы кучактап, өпкөн. Актёр өзү күнөөсүн мойнуна алган эмес.

О Ён Су өмүр бою курган нерселер бир учурда талкаланып, өзүн жаман сезип жатканын айткан. Акыркы өкүм 2025-жылдын 3-июнунда чыгарылат. 

edita