SerepTV Logo

"Кадимкидей дем алат". АКШда биринчи жолу өлүм жазасын алган жаран азот менен өлтүрүлдү

"Кадимкидей дем алат". АКШда биринчи жолу өлүм жазасын алган жаран азот менен өлтүрүлдү

АКШда биринчи жолу өлүм жазасы таза азотту колдонуу менен ишке ашырылды. 58 жаштагы Кеннет Смитти өлүм жазасына тартуу иши Алабама штатынын Атмор шаарында болгонун Alabama Local News гезити жазды.

Бийлик соттолгон адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам мурда колдонулбаган өлүм жазасына тартууга аргасыз болгон. Бул ыкмада адамдын оозун жана мурдун беткап менен жабат. Андан кийин беткап менен азот газы жиберилет. Адам кадимкидей дем ала берет, бирок акырындык менен азот өпкөдөн кычкылтекти сүрүп чыгарат. Адам тез эле эсин жоготот, анан жүрөгү токтойт.

Кеннет Юджин Смит 1988-жылы Алабама штатынын Колберт округунда Элизабет Сеннетти өлтүрүү боюнча айыпталгандардын бири. Бир жыл мурун Смитти инъекция аркылуу өлтүрүүгө аракет кылышкан, бирок анын тамырына ийне киргизүүдөгү көйгөйлөрдөн улам бул ыкмадан баш тартууга туура келген.

edita