SerepTV Logo

Кабулдагы АКШнын авиа соккусунан 9 киши каза болду, анын ичинен алтоосу бала

Кабулдагы АКШнын авиа соккусунан 9 киши каза болду, анын ичинен алтоосу бала
Кабул шаарындагы АКШнын террорчуларга карай авиа соккусунан 9 киши каза болду, анын ичинен алтоо бала. Набыт болгондордун баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Бул тууралуу CNN жазды. Кечээ, 29-августта АКШ "Ислам мамлекетинин" болжолдуу жан кечти-террорчусун көздөй авиа сокку чыгарган жана анын көзү тазаланды деп маалымдаган. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, жан кечти-террорчу Кабулдун аэропортунун жанында теракт даярдап жаткан. Каза болгон үй-бүлөнүн тууганынын журналисттерге айтып бергенине караганда, набыт болгондордун арасында эки жаштагы кыз бар. "Биздин "Ислам мамлекетине" тиешебиз жок. Кадыресе үй-бүлөбүз, ал үйдө ага-инилерим бала-чакасы менен жашачу", - деген ал. АКШ 26-августта болгон аэропорттун жанындагы теракттан кийин "Ислам мамлекетинин" террорчуларына чабуулун баштаган. Аталган топ моюнуна алган терактта бир канча жардыруу болуп, 200дөй киши каза болгон, анын ичинен 13ү америкалык аскер кызматкерлери.
edita