SerepTV Logo

Кабулда мечиттеги жардыруудан кеминде 12 адам көз жумду

Кабулда мечиттеги жардыруудан кеминде 12 адам көз жумду
Ооганстандын борбору Кабулдагы мечиттеги жардыруудан кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылды. Шаардык полициянын маалыматына ылайык, мечитте жума намазы окулуп жатканда бомба жарылган. Андан кеминде 15тей адам жараат алды. Полиция каза болгондордун арасында мечиттин имамы бар экенин, террорчулар дал ушул адамды бутага алышы мүмкүн экенин билдирди. Бул жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек. Ооганстанда ушул күндөрү Орозо айтка байланыштуу үч күнгө ок атууну токтотуу режими өкүм сүрүш керек болчу. Бирок буга карабай зордук-зомбулук токтобой жатат. 13-майда өлкөнүн аймагында төрт жерде бомба жарылып, кеминде 11 адам набыт болгон.
edita