Кабулда эки жардыруу болду. Жабыркагандар тууралуу азырынча так маалымат жок
Кабулда эки жардыруу болду. Бул тууралуу "Российская газета" жазып чыкты.
Биринчи жарылуу Даште-Барчи аймагында болгон, жаракат алгандар бар. Экинчиси Ирфани Харрготи аймагында катталган. Жабыркагандар тууралуу азырынча так маалымат жок. Бирок 2 адам жабыркаганы айтылды. "Эки күн мурун Кабулдун аймактарынын бирине бир нече ракета түшкөнү кабарланган. Жергиликтүү тургундар айткандай, ракеталар Ооганстандын борборундагы электр станциясына карай атылган", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 26-августта Кабул аэропортунун жанында жарылуу болгон. Жардырууда ондогон карапайым тургундар жана кеминде 13 америкалык аскер набыт болгон.