SerepTV Logo

"Жолдошу менен болгон уруш себеп болушу мүмкүн". Алматыда жаш келин 3 баласы менен 9-кабаттан боюн таштады

"Жолдошу менен болгон уруш себеп болушу мүмкүн". Алматыда жаш келин 3 баласы менен 9-кабаттан боюн таштады
Кечээ, 22-ноябрда Алматыда жаш келин 3 баласы менен 9-кабаттан боюн таштады. Төртөө тең көз жумган. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин берген маалыматында айтылат. Окуя Жетису кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 28 жаштагы келин 6, 5 жана 2 жаштагы балдары менен 9-кабаттын терезинен секирген. Келин жана 2 баласы мүрт кеткен. Ал эми бир бала Тез жардам унаасында көз жумган. "Иликтөөнүн азыркы этабында 3 баласы менен 9-кабаттан боюн таштаган келиндин эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы божомолдонду. Буга жолдошу менен болгон уруш себеп болушу мүмкүн. Келин кат таштап кеткен",- деп айтылат маалыматта.  Ал эми окуянын күбөлөрү келиндин биринчи балдарын түртүп жибергенин, анан өзү секиргенин айтышкан.
edita