Жер титирөөдөн улам Түркия 5-6 метр жылып кеткени маалымдалды
Италиянын геофизика жана вулканология боюнча улуттук институтунун президенти Карло Доглони жер титирөөдөн улам Түркия болжол менен 5-6 метр жылып кеткенин Corriere della Sera гезитине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Арабия плитасы Анатолия плитасына карата түштүк-батыш тарапка жылып кеткен. "Түркия Сириядан 5-6 метр жылып кетти", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми так маалымат жакынкы күндөрү жарыяланарын айтты.