SerepTV Logo

Жер жүзүндөгү эң кары адам 127 жашында каза болду

Жер жүзүндөгү эң кары адам 127 жашында каза болду

Бразилияда планетанын эң кары адамы делген Сеу Жозе Паулино Гомес каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Ал 127 жашында 28-июлда Минас-Жерайс штатында каза болгон. Силва каттоо кеңсесинин маалыматы боюнча, Паулино Гомес 1895-жылы 4-августта туулган. Гомес туулган күнүнө бир жума калганда каза болгон.

Туугандарынын айтымында, Гомес узак өмүр бою мал чарбачылыгы менен алектенип, ат үстүндө саякаттап жүрүп, ден соолугуна байланыштуу 4 жыл мурун гана ат минүүнү таштаган. 

edita