Жаш кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган Дагестандын мурдагы өкмөт башчысынын баласы акталды
Москвада сот арачыларынын көпчүлүк добушу менен Дагестандын мурдагы өкмөт башчысынын уулу Муртузали Межидов акталды. Бул тууралуу "The Insider" маалымат агенттиги жазып чыкты. Ал 2018-жылы Москвадагы эл аралык мамилелер институтунда (МГИМО) окуган казакстандык студент Томирис Байсафаны өлтүргөн деген шек менен камакка алынган. Адвокаттын айтымында, Межидов беш сот арачысынын төртөөнүн колдоосун таап, сот залынан бошотулду. 8-июнда алардын бул чечиминин кесепеттери талкуулана турган отурум өтөт деп күтүлүүдө.
МГИМОнун студенти, 21 жаштагы Томирис Байсафа 2018-жылы жогорку окуу жайдын имаратынын төртүнчү кабатынын терезесинен кулап, 3-май күнү ооруканада көз жумган. Бул факты боюнча “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жогорку окуу жайдын жетекчилиги муну кокустук деп атаган. Бирок университетте окуган студенттердин бири маркумду кимдир бирөө терезеден түртүп жибергенин, анын алдында кыз сабалганын айткан.
Муртузали Межидов маркум кыздын курсташы болгон, айрым маалыматтарга караганда, алар сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал – Дагестандын мурдагы өкмөт башчысы Мухтар Межидовдун уулу.