Жарым-жылаңач сүмөлөк кайнаткан кыздар 15 суткага камалды
Өзбекстанда жарым-жылаңач сүмөлөк даярдаган кыздар 15 суткага камалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ургенч шаардык соту 3 кызды административдик жоопкерчилик кодексинин 183-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарып, 3 кызга 1 миллион 225 миң сум (116 доллар) өлчөмүндө айып пул да салынган.
Видео Өзбекстандын социалдык медиа сегментине 21-мартта жарыяланган. Укук коргоо органдары бул ишке социалдык тармактын колдонуучуларынын кескин сындарынан кийин кызыга башташкан. Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 22-мартта видеодогу кыздардын бардыгы суракка чакыртылган.
Кыздардын сурак берип жаткан учуру тартылган сүрөттөр соцтармакка тараган. 22-март күнү түшкө жакын Хорезм облусунун ИИБи териштирүү иштери башталганын жарыялаган.
«Сүмөлөктү башка аялдар жасап жатышкан. Бул кыздар клубдан бий ортосундагы тыныгуу учурунда чыга калышып, казандын жанына келип, селфи жасашкан. Кийин тасма интернетке тарап кеткен», - деп билдиришти облустук милициядан.