Согуш согушу менен, той өз сааты мененби? Киевде кабарчы менен кайгуулчу баш кошушту
"Киевде аткылоо менен жардыруулардын коштоосунда полициянын кайгуул кызматкери менен журналист баш кошушту". Бул тууралуу "УНИАН" жазды.
Кечээ, 2-мартта Киевде патрулдук полиция башкармалыгынын жетекчиси Юрий Зозуля менен журналист Ангелина Карякина баш кошушту. Тойдун өзү өлкөдө жарыяланган аскердик абал режиминде 5 мүнөткө созулган. Колуктуга гүлдесте катары үйдө өстүрүлгөн орхидеяны кесип ала келишкен, ал эми нике шакектери жаш жубайларга дээрлик бекерге келгени маалымдалган. Тагыраагы зер буюмдардын дизайнери бардык дүкөндөр жабылган шаардан керектүү көлөмдөгү эки шакекти таап берип, тартуулаган.