SerepTV Logo

Израилдин ырчысын Евровидение сынагынан чыгаруу талап кылынды

Израилдин ырчысын Евровидение сынагынан чыгаруу талап кылынды

Финляндиялык музыканттар Газа тилкесиндеги согуш үчүн айыптоолорго таянып, Израилдин ырчысын Евровидение сынагынан чыгарууну талап кылышты. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды. 

Петицияга музыка тармагынын дээрлик бир жарым миң өкүлү кол койгон. Алар эгерде Израиль сынакка катыша турган болсо, анда финляндиялык Yleisradio берүү компаниясы Евровидение сынагын бойкот кылуусу керек деп эсептешет. Быйылкы Евровидение ыр сынагы май айында Швециянын Мальмё шаарында өтмөкчү.

Газа тилкесиндеги үч айлык согушта, жергиликтүү Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 23 миңден ашуун адам каза болгон.

edita