Израилдеги музыкалык фестивалда 260 адамдын сөөгү табылганы маалым болду
7-октябрда ХАМАС уюмунун согушчандары жасаган чабуулда Газа тилкесинин жанында өткөн Nature Party музыкалык фестивалынын аянтында 260 израилдиктин сөөгү табылды. Бул тууралуу "ЗАКА" коомдук уюмунун ыктыярчыларынын маалыматына таянып The Jerusalem Post басылмасы жазды.
Музыкалык фестивалда каза болгондордун так саны мындан да көп болушу мүмкүн экени белгиленген. Ошондой эле фестивалдын катышуучуларынын ондогону туткунга алынганы айтылып, учурда дайынсыз жоголгон деп эсептелинет.