Израиль менен Марокко коронавирустун жаңы штаммынан улам чек арасын жапты
Израиль менен Марокко "омикрон" аталышына ээ болгон коронавирустун жаңы штаммынан улам чек араларын эки жумага жапты. Бул тууралуу Times of Israel порталы жазып чыкты.
Өкмөттүк комиссиядан атайын чакыруу алган жарандар гана өлкөгө кире алышат. Жаңы эрежелерге ылайык, чет өлкөдөн кайтып келген израилдиктер 72 саат карантинде болушу керек жана эки ПЦР-тесттен өтүшү керек: бири келгенден кийин дароо жана экинчиси изоляциядан кийин. Эки күн мурун өлкөдө вирустун жаңы штаммынын биринчи учуру аныкталса, бүгүн дагы бир учур катталды. Жергиликтүү саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, омикрондук инфекцияга шектелген дагы жети адам азыр көзөмөлдө турат.
"Израилдин артынан Марокко бийлиги да чек араларды 29-ноябрдан бери толугу менен жапты. Марокконун пандемияга каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктерин сактап калуу жана жарандардын ден соолугун коргоо үчүн бардык түз жүргүнчү каттамдарын токтотуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.