SerepTV Logo

Израиль менен ХАМАС ок чыгарбоо келишимине кол коюшту (видео)

Израиль менен ХАМАС ок чыгарбоо келишимине кол коюшту (видео)

Израиль менен ХАМАС ок чыгарбоо келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Катардын премьер-министри Мохаммед Аль Тани маалымат жыйынында билдирди. Аталган өлкө сүйлөшүүлөрдө ортомчу болгонун Meduza жазды.

Согуштук аракеттер 19-январда токтойт. Биринчи этапта ок чыгарбоо 42 күнгө созулат.

Израилдин түрмөлөрүндө кармалып турган палестиналык туткундар этап-этабы менен бошотулат. Израилдин аскерлери Газа тилкесинин калк жыш жайгашкан аймактарын акырындап таштап, чек араларына чегинишет.

https://youtu.be/nQUamfe8fOw
edita