SerepTV Logo

Израиль Иранга ракеталык чабуул жасаганы маалымдалды (видео)

Израиль Иранга ракеталык чабуул жасаганы маалымдалды (видео)

Израиль Ирандын аймагына ракеталык чабуул жасаганын ABC, CNN жана Fox кабарлады.

Израиль АКШга Иранга 24-48 сааттын ичинде сокку уруу пландары тууралуу алдын ала эскерткен. Бул тууралуу Bloomberg басылмасынын өздүк булак билдирген.

Ирандын Исфахан провинциясынын Кахжаваристан шаарында жарылуунун үнү угулганын Ирандын Fars агенттигине булактар ​​билдирди. «Хабар» телеканалы да аймакта жарылуу болгонун кабарлады. Кахжаваристан шаары Исфахан аэропортуна жана 8-армиянын аба күчтөрүнө жакын жерде жайгашкан.

edita