SerepTV Logo

Италияда бүгүнтөн баштап кайрадан карантин

Италияда бүгүнтөн баштап кайрадан карантин
Италиянын калк көп жашаган аймактарындагы дүкөндөр, ресторандар жана мектептер жабылат. Мындай чектөөлөр бүгүн, 15-мартта баштала турганын өлкөнүн премьер-министри Марио Драги жарыялады. Мындай чечим коронавирустун жаңы толкунуна байланышкан коркунучтардан улам кабыл алынган. Карантин өлкөнүн дээрлик жарымына, анын ичинде Рим менен Миландын аймагындагы калк жыш жайгашкан райондорго да тиешелүү. Мурунку жылы Европада биринчилерден болуп Италиянын түндүгүндө, кийинчерээк өлкөнүн бардык аймагында карантин жарыяланган болчу. «ВВС» жарыялаган маалымат боюнча, Италияда коронавирус жуктурган адамдардын саны 6 жумадан бери жогору болуп, күнүнө 25 миңден ашып жатат.
edita