SerepTV Logo

Испанияда планетанын эң кары адамы каза болду. Ал 117 жашта болчу

Испанияда планетанын эң кары адамы каза болду. Ал 117 жашта болчу
Планетанын эң кары адамы деп эсептелген Мария Браньяс Морера 19-августта Испаниянын түндүк-чыгышындагы Олот шаарындагы карылар үйүндө каза болду. Ал 117 жыл 169 күн жашаган. 2023-жылдын 17-январына карата ал планетадагы эң кары адам болгон.  Мария Браньяс Морера 1907-жылы 4-мартта Сан-Францискодо туулган. 1915-жылы анын үй-бүлөсү Испанияга көчүп барган. 1931-жылы ал дарыгер Жоан Моретке турмушка чыккан. Алардын 3 баласы, 11 небереси жана 13 чөбөрөсү бар.  1990-жылдары Браньяс дүйнөнү кыдырган. 2000-жылдан бери карылар үйүндө жашайт. 2019-жылы ал расмий түрдө Испаниянын эң улгайган тургуну деп таанылган. 2023-жылдын январында Гиннесстин рекорддор китеби аны 118 жашында Люсиль Рэндон каза болгондон кийин расмий түрдө дүйнөнүн эң кары адамы деп тааныган.
edita