Испаниянын Валенсия шаарында бир жумада төрт күн иштөө боюнча эксперимент башталды
Испаниянын Валенсия шаарында 10-апрелден тарта төрт күндүк иш жумасына өтүү боюнча эксперимент башталганын дүйнөлүк басылмалар жазышты.
700 миңден ашык калкы бар шаардын мэриясы "пилоттук долбоорду колдонуп жаткан дүйнөдөгү биринчи шаар болот" деп билдирди. Эксперимент 7-майга чейин уланат. Бир айлыктын алкагында шаар тургундары ишемби жана жекшемби күндөрү салтка айланган эс алуу күндөрүнөн тышкары дүйшөмбү күндөрү – 10, 17 жана 24-апрелде, 1-майда эс алышат.
Бийлик эксперименттин экономикага, өндүрүмдүүлүккө, жарандардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна кандай таасир этерин карап, экспериментти улантууну же улантпоону чечет. Мэрия изилдөөнүн жыйынтыгын июль айында берүүнү убада кылууда.