SerepTV Logo

Испанияда 84 жаштагы карыя кызганычтан улам кемпирин балка менен чаап өлтүрдү

Испанияда 84 жаштагы карыя кызганычтан улам кемпирин балка менен чаап өлтүрдү

Мадриддин 84 жаштагы тургуну кызганычтын айынан жубайын балка менен өлтүргөн. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя 16-июнда болгон. Полицияга кошуналары чалып, коңшу үйдүн терезесинен кыйкырып, жардам сурап жаткан аял тууралуу айтышкан.

Кылмышка шектүү өзү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине эшикти ачып, кылмышын мойнуна алган. Бөлмөдөн полиция кызматкерлери кан болгон аял менен балканы табышкан. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, кийин көз жумган. Ал 81 жашта эле. "Ал аймактагы бардык эркектер менен жүргөн. Мен кылган ишиме эч өкүнбөйм, ал буга татыктуу болчу", - деди күйөөсү полицияга. Жубайлардын баш кошуп, бирге жашаганына 40 жылдан ашкан. 

edita