Исландиядагы жер титирөөлөрдөн улам жанар тоо жанданды (видео)
Исландиянын түштүк-батышындагы Рейкьянес жарым аралында бир катар катуу жер титирөөлөрдөн кийин жанар тоо атылды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазат.
Буга чейин Гриндавик шаарынан 4 миңдей адам эвакуацияланып, ага жакын жайгашкан эс алуу жайы жабылган. "Вулкандагы жараканын узундугу болжол менен 3,5 чакырымды түзөт, лава секундасына 100-200 метр куб ылдамдыкта агып жатат", - деп айтылат маалыматта.
https://youtu.be/LQFacr8w39A