Ислам Каримовдун небереси блогерге күйөөгө чыкты
Белгилүү орусиялык блогер Амиран Сардаров Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси Мариам Тилляевага үйлөндү. Бул тууралуу "Стар Хит" басылмасы жазып чыкты.
Мариям - Ислам Каримовдун эң кенже мураскору Лола Каримованын кызы. Ал АКШга 14 жашында окуу максатында барган.
https://youtu.be/oQUL1qgBeKY
Үлпөт той Лас-Вегаста жакын туугандарынын жана досторунун катышуусунда өткөн. Анда келин узун ак түстөгү көйнөк кийсе, күйөө бала чолок шым менен ак көйнөк кийгенин көрүүгө болот. Тилляева блогерден 13 жашка кичүү, ал жолдошунун видеолоруна бир эмес, бир нече жолу тартылган. Бирок жубайлардын бири дагы мамилесин ачыкташкан эмес болчу.
Тилляева социалдык тармактагы баракчаларынын биринде жакшы келин болорун жазып чыккан. "Менин оюмча, мен тамашакөй жана татынакаймын, стресске туруштук берем, бирок Жастин Бибер үчүн каалаган убакта, тандап алган адамдан кетүүгө даярмын. Гитара черткенди үйрөнүп жатам. Ошондой эле теннис жана фортепианинодо ойнойм, искусство дүйнөсү жөнүндө көп нерсени билем. Менин көңүлүмө жаккан тамактар: суши, бадыраң, ачуу чипсы, шоколад жана баса, куймак бышыра алам, ошондой эле менин себиме кетүүчү Тучи деген кичинекей итим бар", - деп бөлүшкөн.
Ал эми Амиран Сардаров үй-бүлөлүк жашоону тандоо жагымдуу болгонун, ал үчүн бул нерсе жаңы жана белгисиз экенин жазган. «Мен кечээ үйлөндүм! Мага бул нерсе ар дайым кызык болуп келген. “Колубузга шакек тагып жатып мындан ары силер жубайлар аталдыңар” деген сөздү уктук. Көрсө эч нерсе өзгөрбөйт экен. Баары ушунчалык тез болуп кетти, жадакалса түшүнгөнгө убактым да жок болду. Эми Маша менен мындан аркы жашообузду иш жүзүндө кандай болорун жана түбөлүк бактылуу жашоого болобу же жокпу аныктайбыз! P.S. Менин бойдокчулук күндөрүм, кош бол! Мен сени сагынам”, - деп тамаша иретинде билдирүү калтырган. Белгилей кетсек, блогер YouTube'да "Хачтын күндөлүгү" деген влогу менен белгилүү.
