SerepTV Logo

“Ирина Кайратовна” тобунун мобилографынын каза болушу. Окуянын видеосу тарады

“Ирина Кайратовна” тобунун мобилографынын каза болушу. Окуянын видеосу тарады

Казакстандын “Ирина Кайратовна” тобунун мобилографы сахнада көз жумган. Окуя кечээ, 14-октябрда кечинде Астанада концерт башталар алдында болгон.

Маалым болгондой, 21 жаштагы мобилограф сахнадан эс-учун жоготуп кулап, каза болгон. Иш-чара токтотулган.

Биз үчүн айтуу абдан кыйын болуп жатат. Мобилограф сахнада кулап түштү. Көрсөңөр керек, ал каза болду. Ошондуктан, тилекке каршы, бүгүн концерт коё албайбыз. Келгениңизге чоң рахмат”, — деген "Ирина Кайратовна" тобунун мүчөсү Азамат Маркленов. Учурда социалдык тармактарда окуянын видеосу тарап жатат.
edita