SerepTV Logo

Instagram социалдык тармагына Орусияда расмий түрдө бөгөт коюлду

Instagram социалдык тармагына Орусияда расмий түрдө бөгөт коюлду
GlobalCheck сервисинин маалыматы боюнча, социалдык тармактын жеткиликтүүлүгү 0 пайызды түздү. Downdetector сервисинде Москванын убактысы боюнча 00:00дөн тартып Instagram'дын иштөөсүнө арызданган колдонуучулардын саны кескин көбөйгөнү жарыяланды. Роскомнадзор 14-мартка караган түндөн тартып Instagram’га бөгөт коюу башталарын жарыялаган. Ошону менен ведомство аталган соцтармактын колдонуучуларына сүрөттөрүн, материалдарын башка соцтармакка которуп алуу үчүн эки сутка берген болчу.
edita