SerepTV Logo

Instagram жана WhatsApp тиркемелеринин иштебей калганынын себеби айтылды

Instagram жана WhatsApp тиркемелеринин иштебей калганынын себеби айтылды
Instagram жана WhatsApp тиркемелери техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей калган. Бул тууралуу Instagram`дын Орусиядагы маалымат кызматы билдирген. “Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам тиркемелер 45 мүнөттөй иштеген жок. Азыр баары калыбына келди. Ыңгайсыздык жаратканыбыз үчүн кечирим сурайбыз”, - деген компаниянын өкүлү. Белгилүү болгондой, аталган тиркемелер кечээ саат 23:00 чамасында иштөөнү токтоткон. Мындай көрүнүш Орусия, АКШ, Германия, Улуу Британия, Латын Америка жана Кыргызстанда да болгон.
Unknown Author