Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 46га жетип, 700гө жакыны жаракат алды
Индонезиянын Ява аралында болгон жер титирөөдө 46га жакын адам каза болуп, 700дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу Батыш Явадагы эң ири шаарлардын бири Чианжур шаарынын администрациясынын башчысы Герман Сухерман билдирди.
«Акыркы маалыматтар боюнча 46 адам каза болду. 700дөй киши жараат алды», - деди ал. Жабыркагандардын көбү сыныктар менен кайрылган.
Маалыматка ылайык, Чианжур бүгүн, 21-ноябрда болгон күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу болуп калды.
UPDATE : At Least 44 Dead As #Earthquake Hits #Indonesia#WestJava #Cianjur #Bengkulu #Kupang pic.twitter.com/r1Z9B7nnXT
— Himanshu dixit ? (@HimanshuDixitt) November 21, 2022