SerepTV Logo

Индонезияда заводдо чыккан өрттөн 13 адам каза болду

Индонезияда заводдо чыккан өрттөн 13 адам каза болду

Индонезиянын Сулавеси аралындагы металлургиялык заводдо өрт чыкты. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка караганда, өрт 24-декабрь күнү эртең менен никелди кайра иштетүүчү ишканалардын биринде болгон.

Ысык буунун кесепетинен 13 адам каза болуп, 46 адам жаракат алган. Жабыркагандардын айрымдары ооруканага жаткырылган. Ишкананын жетекчилиги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча топ түздү.

edita